Көп тараптуу кызматташтык

«Банктын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын оң имиджин калыптандыруу максатында эл аралык финансылык уюмдар менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда»

Банк эл аралык банктар жана улуттук өнүктүрүү банктары менен ишкердик мамилелерди түзүүгө жана кызматташууга ниеттенүүдө:

- Эки тараптуу кызматташуу

«Банк Кыргыз Республикасында жайгашкан эки тараптуу өнүктүрүү фонддору, ошондой эле мамлекеттик банктар менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүдө»
Банк төмөнкү формада кызматташууну сунуштайт:
  • Долбоорлорду биргелешип каржылоо бөлүгүндө кызматташуунун бирдиктүү жана өз ара алгылыктуу багыттары

  • Инвестициялык каржылоо, капиталга кирүү жолу менен же долбоордон чыгуу стратегиясы болгон учурда экспорттоочу ишканалардын капиталына үлүш катары

  • Лизингдик операцияларды ишке ашыруу

  • Долбоорлорду жана инвестицияларды каржылоо үчүн максаттуу кредиттик линиялар

    Кызматташтык үчүн максаттар:
    • Айыл чарба
    • Энергия
    • Туризм
    • Казып алуу жана кайра иштетүү
    • Инфраструктуралык долбоорлор
    • Өндүрүш жана өнөр жай
    Максаттар:
    • жумуш орундарды түзүү
    • региондук инфраструктураны өнүктүрүү
    • энергияны үнөмдөө жана энергияны өндүрүү
    • жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү
    • кошумча баалуу долбоорлор
    • Креативдик Индустрия паркын, электрондук коммерция паркын жана IT паркын өнүктүрүү