Кепилдиктер
Параметрлери
Каржылоо боюнча камсыздоо
Кепилдик/каршы кепилдик бир же бир нече ыкмалар менен камсыз кылынышы керек: акчалай камсыздоо, күрөө, үчүнчү жактардын кепилдиги (кепилдиги), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун башка ыкмалары.
Күрөөлүк камсыздоону баалоо
• Күрөөнү баалоо Банктын Өнөктөштөр реестрине (ак ниет баалоочулардын тизмесине) киргизилген көз карандысыз баалоо компаниясы тарабынан жүргүзүлөт, Банктын Насыя берүү эрежелеринде жана Күрөө менен иштөө боюнча нускамаларында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо.
• Кредиттик комитетке кароо үчүн берилген көз карандысыз баалоо компаниясынын отчету Кредиттик комитеттин жыйынынын күнүнө чейин 6 (алты) айдан эрте эмес убакытта даярдалышы керек.
• Банктын жетекчилиги (Директорлор кеңеши, Башкармалык) күрөөнүн акыркы баасын аныктоо (белгилөө) укугун өзүнө калтырат.

Күрөө предметин камсыздандыруу
Күрөөнү камсыздандыруу ар бир өзүнчө долбоор үчүн Банктын ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат. Камсыздандыруу Банктын Өнөктөштөр Реестрине (кадыр-барктуу камсыздандыруу компанияларынын тизмеси) кирген компаниялар тарабынан Принципалдын/Күрөө берүүчүнүн эсебинен камсыздалат.
Өзгөчө шарттар
Кепилдик/каршы кепилдик берүү жана күрөөнү каттоо менен байланышкан бардык чыгымдарды Принципал/Күрөө берүүчү көтөрөт;
Принциал/Күрөө берүүчү күрөөнүн сакталышы жана туура пайдаланылышы үчүн жооптуу.
Банк менен Принципалдын ортосундагы мамиле кепилдик/каршы кепилдик келишими менен жол-жоболоштурулат, анда Банктын Принципалга кепилдик/каршы кепилдик боюнча төлөнгөн сумманын өлчөмүндө каршы доо коюу укугу, ордун толтуруу тартиби жана мөөнөттөрү, пайыздар, айып пулдар жана күрөөнү өндүрүп алуу тартиби каралат.

Чектөөлөр
Банк төмөнкүлөрдү бербейт:
• камсыз кылынбаган кепилдиктер/каршы кепилдиктер; :
• жеке адамдарга кепилдиктер/каршы кепилдиктер; :
• мурда берилген насыялар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелер болгон учурда кепилдиктер/каршы кепилдиктер; :
• Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кепилдиктер/каршы кепилдиктер. :
Банк ошондой эле төмөнкүлөрдү каржылабайт: :
• кумар оюндары; :
• курал-жарак жана аскердик өнөр жай менен байланышкан өндүрүш, соода жана башка иш-аракеттер; :
• мажбурлап иштетүү, эксплуатациялык жумушка орноштуруу же балдар эмгеги менен байланышкан иш-аракеттер; :
• кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан иш-аракеттер; :
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдары же Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдер менен тыюу салынган иш-аракеттер, анын ичинде туруктуу каржылоо жаатында.

Кепилдикке өзгөртүүлөрдү киргизүү
Банк кепилдигине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө өзгөртүлгөн шарттар бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Банктын ыйгарым укуктуу органы (Башкарма же Директорлор кеңеши) тарабынан бекитилиши керек.
Банктык кепилдикке өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн комиссия
10 000 сом
*Банк бул Продуктын шарттарын өзгөртүү укугун өзүнө калтырат