Акыркы жаңылыктар

06.03.2026

Эл аралык аялдар күнү менен куттуктайбыз!

Бардык сонун аялдарды келе жаткан Эл аралык аялдар күнү – 8-март менен куттуктайбыз! Бул жазгы майрам аялдардын сулуулугун, илхамын жана чыгармачыл күчүн чагылдырат. Сиздердин эмгекчилдигиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр […]
05.03.2026

Ак калпак күнү кут болсун!

Ак калпак – кыргыз элинин улуттук кадыр-баркынын, тарыхынын жана маданий салттарынын символу. Биздин үрп-адаттарга болгон урмат жыл сайын күчөп, ата-бабабыздын мурасы сакталып, келечек муундарга жеткирилсин.
03.03.2026

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайбыз!

Мамлекеттик туусу – өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын, биримдигинин жана жаркын келечегинин символу. Ал элдин күчтүү рухун, бай тарыхын жана туруктуу өнүгүүгө болгон берилгендигин чагылдырат. Бул маанилүү күнү […]
25.02.2026

Азия өнүктүрүү банкынын делегациясы менен жолугушуу

2026-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Азия өнүктүрүү банкынын миссиясынын ортосунда мамлекеттик банктар үчүн институционалдык жана операциялык базаны чыңдоо жана инновациялык финансылык чечимдерди иштеп […]
24.02.2026

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 21,6 млрд сомго 6 ГЭС жана 1 КЭСти каржылоодо

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен өз ара кызматташтыкта «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

08.05.2024

Биз жөнүндө басма сөз. Акчабар: Мамлекеттик өнүктүрүү банкы КР жеңил өнөр жай тармагын насыялай баштады

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн заманбап шарттарында жаңы финансылык инструменттерди киргизүү тармактык өсүшкө дем берүүдө жана өлкөнүн финансылык инфраструктурасын жакшыртууда негизги ролду ойнойт. Бул контекстте Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы […]

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.