Өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү максатында, 2-жылдын 2024-февралында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААК жана “Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатты изилдөө институту”мамлекеттик ишканасынын ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Кол коюлган Меморандум жана Тараптардын өз ара аракеттенүүсү узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өнөктөштүк мамилелерди орнотууга багытталат. Негизги багыт биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну, программаларды жана изилдөөлөрдү өнүктүрүүнү камтыйт. Өнөктөштүк мамлекеттик жана изилдөө секторлорунун ортосундагы ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнүн үлгүсү болот.