29-апрель 2024-жылы “Кабар” маалымат агенттигинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын пресс-конференциясы болуп өттү.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Төрагасынын орун басары Сайпидинов Азизбек жана банктын долбоордук менеджери Жылдыз Сулайманбекова белгилегендей, жашыл каржылоо жаатындагы жаңы продукт өнөктөштөргө экологиялык жооптуу долбоорлорду каржылоонун өсүп жаткан трендине кошулууга мүмкүнчүлүк берет. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы биз жашап жаткан чөйрөнү сактоого жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү финансылык инструменттерди түзүүгө умтулат.
Бул жаатта ачык-айкындуулукту жана стандартташтырууну камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы өзүнүн жашыл долбоорлор таксономиясын иштеп чыкты. Бул өнөктөштөргө жана кардарларга өлкөнүн таксономиясы кабыл алынганга чейин кайсы долбоорлор жашыл критерийлерге жооп берерин аныктоого жардам берет. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ошондой эле Кыргыз Республикасындагы жашыл күн тартибинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жашыл долбоорлорду баалоо үчүн операциялык жол-жоболорду иштеп чыкты. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы банктарга бул процедураларды уюштуруу жана долбоорлорду туура баалоо үчүн керектүү документтерди жана нускамаларды берет.
Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкынын жашыл каржылоо боюнча бардык документтери жашыл каржылоо жаатында алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүдө зор тажрыйбасы бар эл аралык эксперттер тобу тарабынан да тастыкталды. Эксперттер БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында тартылган. БУУнун Өнүктүрүү программасы банктын жана анын өнөктөштөрүнүн теориялык негиздери жагынан да, жашыл финансылык продуктуларды киргизүүнүн практикалык инструменттери жагынан да потенциалын жогорулатуу багытында мамлекеттик өнүктүрүү банкын колдоону улантат.
Пайыздык чен шарттары рыноктогу учурдагы чен деңгээлин эске алганда, карыз алуучулар үчүн жагымдуу. Мындан тышкары, Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы банктарга пайыздык чендин бир бөлүгүн тартиптүү карыз алуучуларга кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн берет жана аларды финансылык ресурстарды жоопкерчиликтүү пайдаланууга түрткү берет.
Долбоорлорду баалоо процесси Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкынын жашыл долбоорлордун Таксономиясына ылайык аларды классификациялоодон башталат. Бул долбоордун жашыл критерийлерге жооп берер-келбесин жана андан кандай экологиялык натыйжа күтүлөрүн аныктоого мүмкүндүк берет. Баалоо критерийлери эмиссияны азайтуу, энергияны үнөмдөө, кайра жаралуучу энергияны пайдалануу жана башка экологиялык жактан маанилүү факторлорду камтышы мүмкүн. Андан кийин экологиялык жана каржылык аспектилерди камтыган долбоордун тобокелдиктерин баалоо жүргүзүлөт. Бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу ыктымалдыгын жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоого мүмкүндүк берген маанилүү этап. Документтердин даяр пакети Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкына кароо жана долбоорду каржылоо үчүн каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн берилет.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жашыл продуктуларды өзүнүн финансылык практикасына интеграциялоо — бул финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун жооптуу катышуучусу катары Банктын позициясын бекемдөө багытында маанилүү кадам экендигине ишенет.
Биз жөнүндө басма сөз:
https://kabar.kg
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы экологиялык инновациялык демилгелерди колдойт. Долбоор ишке кирди
https://www.tazabek.kg
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 1 млрд 167 млн сомдук насыя бөлүп, бекитти
https://www.akchabar.kg
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы экоинициативдерди колдогон долбоорду сунуштады
https://economist.kg
Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы банктарга “жашыл” долбоорлорду каржылоону кантип алуу керектигин айтып берди
https://economist.kg
КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жашыл долбоорлорду каржылайт
https://24.kg
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жашыл долбоорлорду каржылоо боюнча жаңы продуктуну ишке киргизди