14-июнь 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААК уставдык капиталын 500 000 нускадагы акциялардын кошумча чыгарылышынын натыйжасында жалпы суммасы 500 000 000 сомго көбөйттү. Ушуга байланыштуу банктын акционеринин үлүшү өзгөрдү, мында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин капиталына катышуу үлүшү 100% ды 18 700 000 000 сом суммасына түзөт.