Кызматтык милдеттери:
- коомдун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн финансылык-чарбалык ишине ревизия жана текшерүү жүргүзүү
- коомдун жылдык бюджетинин аткарылышына ревизия жана текшерүү жүргүзүү
- эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тууралыгын текшерүү, коомдун менчигинин сакталышын камсыз кылуу, кем чыгуулардын, уурдоолордун жана чарбасыздыктын алдын алуу жана жоюу боюнча иштер
- жер-жерлерде коомдун бардык мүлкүн кароо жана ревизия жүргүзүү жана жыл ичинде жүргүзүлгөн иштерди, ошондой эле коомдун тиешелүү чыгымдарын текшерүү
- коомдун жылдык отчеттору жана баланстары боюнча корутундуларды даярдоо жана акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна берүү (корутундуда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: коомдун отчетторунда жана башка финансылык документтеринде камтылган маалыматтардын аныктыгын тастыктоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчетту берүүнүн тартибин, ошондой эле финансылык-чарбалык ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары жөнүндө маалыматтар)
- бүтүмдөрдү түзүүдө коомдун кызмат адамдарынын кызыкчылыктарынын кагылышынын болушун текшерүү, ошондой эле коомдун кызмат адамдарынан алардын аффилирленген жактары жөнүндө маалыматтарды суроо
- келерки жылга сметасы жана иш планы, ошондой эле пайданы бөлүштүрүү тартиби боюнча корутундуларды кароо жана берүү
Квалификациялык талаптар:
- жогорку экономикалык билим
- Ревизор/ ревизиялык комиссиялардын мүчөсү же коммерциялык уюмдардын аудитинде 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
- аудит боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарын жана эл аралык практикада кабыл алынган жана тиешелүү сертификаттар менен ырасталган ички аудит боюнча стандарттарды билүүсү
- кынтыксыз ишкердик аброю
- мурунку 2ден кем эмес жумуш орундарынын сунуштары