Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен ДемирБанк Кыргызстандын экономикасын стимулдаштырууга багытталган кызматташуу келишимине кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Өнөктөш банктар аркылуу максаттуу каржылоо” программасынын алкагында ДемирБанкка 500 миллион сом бөлгөн.
Бул каражаттар кичи жана орто бизнести колдоого, ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого жумшалат.
Программанын алкагында коммерциялык банктар төмөнкү пайыздык чендер менен насыя бере алышат, бул бизнести өнүктүрүүгө, экономиканын өсүшүнө, жумушчу орундардын түзүлүшүнө жана өлкө бюджетине кирешелердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.