2024-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жана Беларусь өнүктүрүү банкынын жетекчилеринин орун басарларынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды, өлкөлөр ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуунун практикалык механизми катары иштөөгө багытталган Негизги макулдашууга кол коюлду. Эске салсак, өткөн жылдын август айында Кыргыз Республикасы менен Беларустун өнүктүрүү банктарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы бул максаттар үчүн банктык продуктыларды иштеп чыккан, аларды колдонуу жакынкы келечекте карыз алуучуларга жеткиликтүү болот. Продукциялардын бири Кыргызстандын ишкерлерин банктар аралык экспорттук кредиттин негизинде Беларусь Республикасынан товарларды жана кызматтарды сатып алуу үчүн каржылоого багытталган. Ошондой эле Беларусь Республикасынан техниканын, жабдуулардын жана транспорттун каалаган түрүн сатып алууну каалаган ишкерлер үчүн эл аралык лизингдик операцияларды каржылоо продуктысы иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ата мекендик ишкерлерди төмөнкү ставкалар менен каржылоонун кеңири мүмкүнчүлүктөрүнө жетишүү үчүн аракеттерди көрүп жатат.