11.12.2024 КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Ишкердикти өнүктүрүү фондунун ортосунда аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү долбоорлорду каржылоого багытталган насыялык макулдашууга кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Ишкердикти өнүктүрүү фондуна 150 млн сом бөлдү.
КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын каржылоосунун аркасында Ишкердикти өнүктүрүү фондунда – «Аймактарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү» программасындагы жеткиликтүү насыялык продукт бар:
Жылдык 12 (он эки)% чейин
Мөөнөтү – 6 жылга чейин (72 ай)
Программанын алкагында коммерциялык банктар жана ФКМ төмөнкү пайыздык чендер менен насыя бере алышат, бул аймактарды өнүктүрүүгө, экономиканын өсүшүнө, жумушчу орундардын түзүлүшүнө жана өлкө бюджетине кирешелердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.