2025-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) ортосунда транспорт жана энергетика секторлорундагы инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип каржылоо жана Кыргыз Республикасында жашыл долбоорлорду каржылоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Европа инвестициялык банкы (EIB) Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге таандык каржылык мекеме болуп саналат. Ал узак мөөнөттүү кредиттерди берет жана Евробиримдиктин саясий максаттарына жетүүгө салым кошкон инвестицияларды каржылайт. EIB Global – бул эл аралык өнөктөштүктүн жана өнүгүүнү каржылоонун таасирин жогорулатуу үчүн EIB тобунун атайын бизнес бөлүмү жана Глобалдык шлюздун негизги өнөктөшү. Ал 2027-жылдын аягына чейин Евробиримдиктин демилгесинин жалпы максатынын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн 100 миллиард евролук инвестицияны жеткирүүгө багытталган. Team Europe бир бөлүгү катары, EIB Global башка өнүктүрүү каржы институттары жана жарандык коом менен күчтүү, максаттуу өнөктөштүктү бекемдейт.
Меморандумдун максаты – Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда транспорттук инфраструктураны жакшыртуу контекстинде Тараптардын ортосунда сунушталып жаткан кызматташтыктын негиздерин аныктоо, ошондой эле транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны жакшыртуу, аз көмүртектүү өнүктүрүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү жана Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын жайылтуу боюнча долбоорлорду жана программаларды биргелешип каржылоо механизмдерин иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү.
Өз ара түшүнүшүү меморандуму жогоруда аталган багыттар боюнча конкреттүү долбоорлор үчүн Банкка 50 миллион евро өлчөмүндөгү ресурстарды берүү үчүн кредиттик келишимге(лер) кол коюуга байланыштуу ЕИБ менен мындан аркы иштөө үчүн инструмент болуп саналат.