2025-жылдын 17-июнунда Канатбек Маматович Мадумаров «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Канатбек Маматовичтин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин системасында 25 жылдык тажрыйбасы бар. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунда 19 жылдан ашык иштеп, 11 жыл бул фонддун директору болгон. 6 жыл Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментин жетектеген. 2023-жылдын мартынан бери «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү.