Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Аталган меморандум финансылык институт менен туризм тармагынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө, ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшөт.
Жолугушуу учурунда тараптар мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Анын ичинде:
• региондордогу туристтик инфраструктуралык долбоорлорду колдоо;
• туризм тармагындагы ишкерлерди өнүктүрүүгө арналган финансылык инструменттерди иштеп чыгуу жана киргизүү;
• туризмдин түрлөрүн кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу;
Тараптар, меморандум Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон туризм долбоорлорун ишке ашырууда маанилүү кадам болоорун айтышты.


