2026-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Европа инвестициялык банкынын делегациясынын ортосунда жумушчу жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаарлар аралык транспорттук инфраструктураны, энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого жана модернизациялоого багытталган инвестициялык долбоорлорду каржылоого өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар ошондой эле каржылоонун мүмкүн болгон инструменттерин жана өз ара кызыкчылык жараткан потенциалдуу долбоорлорду даярдоону, ошондой эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкы үчүн кредиттик линияларды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү андан ары чыңдоого жана консультацияларды улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.



