2026-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Дүйнөлүк банктын эксперттери жана өнөктөш коммерциялык банктар менен “Микро, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу каржы рынокторун өнүктүрүү” долбоорун ишке ашырууну талкуулоо үчүн жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Долбоор чакан жана орто бизнес үчүн жеткиликтүү жашыл насыяларды берүүгө багытталган.
Долбоор чакан жана орто ишканаларга жашыл долбоорлор үчүн жеңилдетилген пайыздык чен менен насыя алууга мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы бизнести, туруктуу өсүштү жана инновацияларды колдоону улантууда, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү жана глобалдык туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролун күчөтүүдө.



