Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен өз ара кызматташтыкта «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК 6 гидроэлектр станциясын жана 1 күн электр станциясын курууну каржылоодо.
Долбоорлордун жалпы наркы 21,6 млрд сомду түзөт. Жалпы орнотулган кубаттуулук — 148,3 МВт, жылдык пландаштырылган өндүрүш — 629,7 млн кВт/с. Бул долбоорлор ишке ашырылса, өлкөдөгү учурдагы электр энергиясынын тартыштыгынын болжол менен 16%ын жабууга жана улуттук энергетикалык системанын туруктуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоорлор макулдашылган мамлекеттик инвестициялык саясаттын алкагында ишке ашууда: Финансы министрлиги макрофинансылык координацияны жана ресурс базасын камсыз кылса, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы узак мөөнөттүү долбоордук каржылоонун оператору болуп эсептелет.
Өлкөнүн өз алдынча генерациялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү — электр энергиясынын импортун кыскартууга, тышкы энергетикалык базарларга көз карандылыкты азайтууга жана инвестициялык жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Долбоорлордун ишке ашырылышы экономиканын бир нече багыттарына оң таасирин тийгизет:
— курулуш жана эксплуатация этаптарында жаңы жумуш орундарын түзүү;
— жергиликтүү жана республикалык бюджеттерге салык түшүүлөрүнүн көбөйүшү;
— автожолдор, электр берүү чубалгылары жана инженердик тармактар сыяктуу кошумча инфраструктуранын өнүгүшү;
— ирригация жана айыл чарба секторун колдоо мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши.
Каржыланып жаткан объектилер кайра жаралуучу энергия булагына таандык болуп, көмүртек изинин кыскарышына жана «жашыл» экономиканын өнүгүшүнө салым кошот.
Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта өлкөнүн ресурстук базасын башкарууга жана мамлекеттик инвестициялык саясатты ишке ашырууга көмөктөшүп, Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгын жана туруктуу экономикалык өсүшүн чыңдоого багытталган стратегиялык долбоорлорду узак мөөнөттүү каржылоонун негизги институту катары ишин улантууда.


