2026-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Азия өнүктүрүү банкынын миссиясынын ортосунда мамлекеттик банктар үчүн институционалдык жана операциялык базаны чыңдоо жана инновациялык финансылык чечимдерди иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу өттү.
Жолугушууда Мамлекеттик өнүктүрүү банкы банктын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө маалымат берди. Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн институционалдык шарттарды жана чөйрөнү баалоону, активдерди башкаруу, инфраструктуралык долбоорлорду даярдоо, долбоорлорду каржылоо механизмдери жана капитал рыногун мобилизациялоо боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгууну пландаштырууда.


