Микрокаржылоо аркылуу чакан жана орто бизнести колдоо

Бул продукт финансы-кредиттик уюмдар үчүн

Параметрлери

Өнөктөштөр үчүн каржылоо боюнча камсыздоо
• Мамлекеттик кепилдик, эл аралык финансы институттарынын, банктардын жана «Кепилдик фонду» ААКтын кепилдиктери;
• КР мамлекеттик баалуу кагаздары;
• Кыймылсыз мүлк, анын ичинде жер тилкелери;
• Жабдуулар, транспорт каражаттары;
• Өнөктөштөрдүн кредиттик портфели;
• Өнөктөштөрдүн лизингдик портфели.
Өнөктөш үчүн төлөө графиги
Негизги сумма боюнча – чейрек сайын;
Пайыздар боюнча - ай сайын.
Максатсыз пайдалануу
Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда, өнөктөш үчүн пайыздык чен жылдык 20% га чейин жогорулайт. Пайыздык ченди жогорулатуу кредиттин траншы берилген учурдан тартып ишке ашырылууга тийиш.
Чектөөлөр
1) Өнөктөштүн аффилирленген жана байланышкан жактарына кредит берүүгө тыюу салынат (мамлекеттик органдар аркылуу аффилирленгендикти кошпогондо);
2) Карыз алуучулардын каалаган финансы-кредиттик уюмдагы учурдагы карыздарын рефинансылоого кредит берүүгө тыюу салынат;
3) Банк-өнөктөш ошондой эле төмөнкүлөрдү каржылабашы керек:
• кумар оюндары;
• аскердик өнөр жай;
• мажбурлап иштетүү жана балдардын эмгеги колдонулган багыттар;
• мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана терроризмди каржылоо менен байланышкан ишмердүүлүк;
• курал-жаракты колдонуу менен байланышкан соода, өндүрүш жана башка ишмердүүлүк;
• КР мыйзамдары тарабынан тыюу салынган ишмердүүлүктүн түрлөрү.

Банктын башка кызматтары