2026-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары М.К. Тумановдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Кытайдын Жибек Жолу Фондунун делегациясынын ортосунда жумушчу жолугушуу өттү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлор үчүн Жибек Жолу Фондунан инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Банктын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө маалымат берип, өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүн болгон механизмдерин сунуштады. Фонддун делегациясынын кароосуна энергетика (кичи гидроэлектростанцияларды куруу), машина куруу жана айыл чарбасы сыяктуу артыкчылыктуу экономикалык тармактардагы бир катар инвестициялык долбоорлор сунушталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришип, сунушталган демилгелерди жана долбоорлорду практикалык ишке ашырууну баштоого макулдашышты.




