Кыргыстан Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 7 жана 8-апрелде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин колдоосу менен өткөн “Гидроэнергетика: Борбордук Азия жана Каспий” аттуу 10-мааракелик эл аралык конгресске катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакай Айдаралиев банктын ишмердүүлүгүн баяндаган жана кайра жаралуучу энергия долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган презентация жасады. Туруктуу энергетиканы өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергия тармагына инвестиция тартууга багытталган демилгелерди колдоо куралдарына өзгөчө көңүл бурулду.
Учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы алты гидроэлектростанцияны жана бир күн электр станциясын каржылап жатат. Долбоорлордун жалпы орнотулган кубаттуулугу 148,3 МВт, жылына 629,7 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрүү пландаштырылууда. Бул долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн учурдагы электр энергиясынын тартыштыгынын болжол менен 16%ын жаап, улуттук электр тармагынын туруктуулугун жогорулатат.




