Өнөр жай ипотекасы

«Өнөр жай ипотекасы» кредиттик продукты өнөр жай кластеринин ишканаларына өндүрүштүк максаттар үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган

Параметры

Өздүк салым
Долбоордун демилгечиси кыймылсыз мүлктүн наркынын кеминде 20 пайызы өлчөмүндө аны сатып алууга өздүк салым кошууга милдеттүү
Камсыздоо
•Сатып алынуучу кыймылсыз мүлк.
Кошумча күрөө катары төмөнкүлөр кабыл алынышы мүмкүн:
• мамлекеттик кепилдик, эл аралык финансы институттарынын, банктардын жана «Кепилдик фонд» ААКнын кепилдиктери;
• Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары;
• кыймылсыз мүлк, анын ичинде жер тилкелери;
• жабдуулар, транспорт каражаттары;
• Банктын Кредиттик саясатына ылайык камсыздоонун башка түрлөрү.
• Күрөө мүлкүнүн наркын баалоо Банк тарабынан өнөктөш компаниялардын тизмесине киргизилген жана Банктын расмий сайтында жайгаштырылган көз карандысыз баалоочу компания тарабынан жүргүзүлөт;
• Күрөө менен камсыздоонун наркын баалоо жөнүндө отчеттун датасы каржылоо алуу үчүн өтүнмө берилген күнгө карата 6 (алты) айдан ашпоого тийиш.
Күрөө баалоо
•Күрөө мүлкүнүн наркын баалоо Банк тарабынан өнөктөш компаниялардын тизмесине киргизилген жана Банктын расмий сайтында жайгаштырылган көз карандысыз баалоочу компания тарабынан жүргүзүлөт;
• Күрөө менен камсыздоонун наркын баалоо жөнүндө отчеттун датасы каржылоо алуу үчүн өтүнмө берилген күнгө карата 6 (алты) айдан ашпоого тийиш.
Төлөө графиги
• Негизги карызды төлөө – ай сайын же квартал сайын;
• Пайыздарды төлөө – ай сайын же квартал сайын.
Жеңилдетилген мезгил
Негизги карыз боюнча – 24 айга чейин.
Күрөө предметин камсыздандыруу
Милдеттүү
Максатсыз пайдалануудагы пайыздык чен
Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда пайыздык чен жылдык 20 %га чейин жогорулатылат. Банк кардар тарабынан кредиттик каражаттардын максатсыз пайдаланылгандыгы жөнүндө маалыматты Кредиттик бюролорго берүүгө укуктуу.
Чектөөлөр
• Банк төмөнкү учурларда кредит бербейт:
o камсыздоосуз кредиттер;
o жеке жактарга кредиттер;
o мурда алынган кредиттер боюнча мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелери бар учурда кредиттер;
o Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кредиттер.
• Банк ошондой эле төмөнкү багыттарды каржылабайт:
o кумар оюндары бизнеси;
o аскердик өнөр жай;
o мажбурлап балдар эмгеги пайдаланылган багыттар;
o кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан ишмердүүлүк;
o курал-жаракты пайдаланууга байланышкан соода, өндүрүш жана башка ишмердүүлүк;
o Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган ишмердүүлүктүн түрлөрү.

*Банк бул Программанын шарттарын өзгөртүү укугун өзүнө калтырат

Банктын башка кызматтары