2026-жылдын 6–7-августунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдө өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумуна катышты.
XII Кыргыз-Россия региондор аралык конференциясы менен биргеликте өткөрүлгөн Форумдун алкагында кыргыз-россия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда Кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө алкактык меморандумга кол коюлду. Документ тараптардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө, инвестициялык долбоорлорду биргелешип каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана каржылык инструменттерди өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга багытталган.


