Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили күнү менен куттуктайт!
Тил — бул баарлашуу каражаты гана эмес, ошондой эле маданиятыбыздын жана улуттук өзгөчөлүгүбүздүн маанилүү бөлүгү, бардык кыргызстандыктардын жалпы мурасы.
Мамлекеттик тил — өлкөбүздүн тарыхый жана маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү. Ал муундарды байланыштырып, улуттук каада-салттарды сактоого жана коомдун руханий баалуулуктарын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз тили мындан ары да өнүгүп, байып, коомдук турмуштун бардык тармактарында кеңири колдонулуп, адамдарды бириктирип, өз ара түшүнүшүүгө жана урмат-сыйга өбөлгө болсун.
Бардык кыргызстандыктарга тынчтык, бакубатчылык, биримдик жана Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүшү үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!
Мамлекеттик тил күнүңүздөр менен!


