Башкаруучулар кенеши
Банктын Директорлор кеңеши жоопкерчиликтүү каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн кеңири билимге жана көндүмгө ээ.
Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич
Директорлор кеңешинин төрагасы
27 жылдан ашык мамлекеттик финанстар, банк жана корпоративдик секторлордо тажрыйбасы бар. Каржы министри, Мамлекеттик финансы разведка кызматынын Төрагасы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Төрагасы жана "Бакай Банктын" Башкаруу кеңешинин Төрагасы кызматтарын аркалаган.
Эгембердиев
Аскат Раимжанович
Директорлор кеңешинин мүчөсү
35 жылдан ашык мамлекеттик кызматта тажрыйбасы бар. Тарых жана юриспруденция боюнча жогорку билимге ээ. Жетекчилик кызматтарды ээлеген. 2020-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазык-аткаруу инспекциясынын төрагасы. Ал көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.
Осмонова
Айнура Шермаматовна
Директорлор кеңешинин мүчөсү
29 жылдан ашык банк секторунда жана мамлекеттик кызматта эмгек стажы бар. "Кыргызстан" АКБда адис болуп иштеген. ЭкоИсламикБанктын филиалынын Башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Башкаруу кеңешинин Төрагасынын орун басары болгон. 2017-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Мадумаров
Канатбек Маматович
Директорлор кеңешинин мүчөсү
25 жылдык эмгек стажы менен КРнын Финансы министрлигинин системасында иштеген. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунда 19 жылдан ашык иштеген, бул фонддун директору болгон.
Тотонов
Нурбек Темирбекович
Директорлор кеңешинин мүчөсү
13 жылдан ашык строительдик бизнес жана энергетика секторунда иш тажрыйбасы бар. "Жалалабадэлектро" ААКнын ревизиялык комиссиясынын мүчөсү болгон. "Токтогул районунун Өзгөчө фондун" жетектеген. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Аким уулу
Азамат
Директорлор кеңешинин мүчөсү
22 жылдан ашык банк секторунда иш тажрыйбасы бар. Ош облусунун Мамлекеттик администрациясында иштеген. "Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясында" кредит адиси, "Айыл Банк" ААКнын кредит боюнча башкы адиси болгон. "ЭкоИсламикБанк" ЖАКынын сактык кассасын башкарган. Ала-Буки районунун өнүктүрүү фондунун көзөмөл кеңешинин Төрагасы болгон.
Даникеев
Улан Оскенович
Директорлор кеңешинин мүчөсү
33 жылдан ашык мамлекеттик финанстар жана банк секторунда иш тажрыйбасы бар. КГУну бүтүргөн, Гарвардда (АКШ), Пакистандын Дипакадемиясында, Японияда кошумча билим алган. 1990-жылдан баштап экономика жана экономикалык-математикалык ыкмаларды пландоо институтунда, Экономика жана финансы министрлигинде, Салык инспекциясында, ЖКда, Эсеп палатасында, Президенттин администрациясында, КРнын Финразведка кызматында, "ЭкоИсламикБанкта" иштеген. КРнын Финансы министринин орун басары болгон.
Банктын Башкармасы
Банктын Башкармасы – бул банк секторунда чоң тажрыйбасы бар адистердин командасы.
Темирбеков Медер Абдыкайырович
Башкармалыктын төрагасы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каржы, корпоративдик жана банк тармактарында 30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Узак убакыт бою КР Финансы министрлигинин системасында жетекчилик кызматтарды ээлеген, анын ичинде Борбордук казначействонун директорунун кызматын аркалаган, мамлекеттик каржы системасынын, отчеттуулуктун жана ички аудиттин бир нече реформаларынын автору болуп саналат. 4 жыл бою Кыргыз инвестициялык-насыялык банкынын төрагасынын кеңешчиси болгон, ошондой эле эл аралык каржы уюмдарында эксперт болгон. Мамлекеттик сыйлык жана бир нече ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
Мыктыбекова
Асел Кермалыевна
Башкармалыктын төрагасынын орун басары
Банк секторунда 25 жылдан ашуун иш тажрыйбасы бар. Банк карьерасын 1998-жылы АКБ "Толубай"да баштаган, кийинчерээк 10 жылдан ашык убакыт бою ОАО "Казкоммерцбанк Кыргызстан"да ички аудитти жетектеген, анда ишкердикти өнүктүрүү жана насыялоо боюнча аткаруучу директор-Башкаруучу кеңештин мүчөсү кызматына дайындалган. 2016-жылы ОАО "Инвестициялык Банк "Чанг Ан"" директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 4 жылдан ашуун убакыт бою ОАО "Керемет Банк"тын ички аудитин жетектеген. 2023-жылдын июнь айында Банктын командасына ички аудит бөлүмүнүн башчысы катары кошулган.
Сайпидинов
Азизбек Казакбаевич
Башкармалыктын төрагасынын орун басары
Банк тармагында 15 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. Эмгек жолунда "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЗАОсунун соода каржылоо бөлүмүнүн стажеринен баштап, "Дос-Кредобанк" ОАОсунун Банк Кеңешинин мүчөсүнө чейинки жолду басып өткөн. Корпоративдик жана жеке каржылоо тармагында чоң башкаруучулук тажрыйбага ээ. Көп жылдар бою операциялык ишмердүүлүктү жетектеп, банктын ар кандай структуралык бөлүмдөрүн, анын ичинде филиалдарын көзөмөлдөгөн.
Токоев
Токтобек Амалбекович
Башкармалыктын төрагасынын орун басары
Анын 23 жылдык эмгек стажы бар, анын 16сы банк системасында болгон. «Айыл Банк» ААКсынын адистигинен Башкармалыктын мүчөсүнө чейин жеткен. Дүйнөлүк экономика жана эл аралык укук боюнча билими бар. Юридикалык практикада чоң тажрыйбасы бар. Юрист, финансист, бизнес-тренер, аналитик. 2023-жылдан бери Мамлекеттик банктын түз инвестицияларды башкаруу жана түзүмдөштүрүү бөлүмүн жетектеп келген.
Кененбаев
Чынгыз Токтобекович
Башкармалыктын төрагасынын орун басары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматында 22 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар, анын ичинен 5 жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде иштеген, 17 жыл Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органында иштеген жана 6 жылдан ашык финансылык чалгындоо органынын жетекчилик кызмат орундарын (статс-катчы, төраганын орун басары) ээлеген. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ченем жаратуу, саясатты иштеп чыгуу жана эл аралык кызматташуу боюнча жогорку кесиптик компетенттүүлүккө ээ жана бул чөйрөдө эл аралык баалоочу-эксперт болуп саналат. Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар, ошондой эле эл аралык уюмдардын сыйлыктары менен сыйланган.