Башкаруучулар кенеши

Банктын Директорлор кеңеши жоопкерчиликтүү каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн кеңири билимге жана көндүмгө ээ.

Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич

Директорлор кеңешинин төрагасы


27 жылдан ашык мамлекеттик финанстар, банк жана корпоративдик секторлордо тажрыйбасы бар. Каржы министри, Мамлекеттик финансы разведка кызматынын Төрагасы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Төрагасы жана "Бакай Банктын" Башкаруу кеңешинин Төрагасы кызматтарын аркалаган.

Банктын Башкармасы

Банктын Башкармасы – бул банк секторунда чоң тажрыйбасы бар адистердин командасы.

Темирбеков Медер Абдыкайырович

Башкармалыктын төрагасы


Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каржы, корпоративдик жана банк тармактарында 30 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Узак убакыт бою КР Финансы министрлигинин системасында жетекчилик кызматтарды ээлеген, анын ичинде Борбордук казначействонун директорунун кызматын аркалаган, мамлекеттик каржы системасынын, отчеттуулуктун жана ички аудиттин бир нече реформаларынын автору болуп саналат. 4 жыл бою Кыргыз инвестициялык-насыялык банкынын төрагасынын кеңешчиси болгон, ошондой эле эл аралык каржы уюмдарында эксперт болгон. Мамлекеттик сыйлык жана бир нече ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.