• Түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №286 токтомуна негизделген
    2023-жылдын апрелинен тарта иштей баштаган (уставдык капиталды төлөө жана негиздегич акцияларды каттоо процедураларын эске алуу менен)
    Регуляцияланат:

    «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Мыйзамы менен,

    2023-жылдын 9-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 533 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүн регуляциялоо жөнүндө» Жобосу менен

    Уставдык капиталы 19,7 млрд сом (2024-жылдын 30-августуна карата) - Банк уставдык капиталдын көлөмү боюнча өлкөнүн банк секторунда алдыңкы орунда турат

    Акционерлер жана негиздөөчүлөр:

    1-декабрдан тарта Банктын акционери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат, акционердин функциясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү Банкынын логотиби

Банктын логотипинин мааниси

Логотип өзүндө тарыхый мурасты жана өнүгүүгө умтулууну бириктирет. Логотиптин борбордук элементи - 40 шуудан турган күн, бул бирдиктүү Кыргызстанда 40 байыркы уруунун биригишин символдойт, мамлекеттик желектегидей. Ак сүйрү көз карандысыздыкты, коргонууну жана өнүгүүнү билдирет.

Логотип биримдикке чакырат, тарых жана маданий мураска болгон сыймыкты баса белгилейт. Күндүн шуулары өнүгүүгө жана прогресске умтулуудагы күчтү символдойт. Логотиптин борборундагы күн жаркын келечекти жана жаңы баштоолорду чагылдырат.

Ак сүйрү менен күндүн, 40 шуудан турган, айкалышы улуттук мурас жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу визуалдык образ түзөт. Бул логотип биримдик, өсүү жана туруктуулук баалуулуктарын чагылдырат, алар Мамлекеттик банктын негизин түзөт.