Банктын Милдеттери жана максаттары

Банктын Максаты: Банктын ишинин негизги максаты коммерциялык жактан акылга сыярлык шарттарда ири улуттук долбоорлорго инвестицияларды кошо алганда, инвестициялык иш аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо жана дем берүү болуп саналат.

Банктын артыкчылыктуу милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Экономиканын чектеш секторлоруна мультипликативдик таасир;

  • Экономиканын структуралык жылыштарын стимулдаштыруу;

  • Өндүрүштүк инфраструктураны реабилитациялоо жана өнүктүрүү;

  • Экономиканын экспортко багытталган өндүрүштүк секторун түзүү;

  • Региондордо ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнө көмөк көрсөтүү;

  • Региондордун экономикалык өнүгүүсүн теңдөө;

  • Орто жана узак мөөнөттүү негизде экономика субъекттеринин кредиттик ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу;

  • Ата мекендик ишканаларды өнүктүрүүгө инвестицияларды тартууга дем берүү;

  • Кредиттөө процесстерине жана долбоорлорду ишке ашырууга менеджменттин, баалоонун жана контролдоонун заманбап ыкмаларын киргизүү.