“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКнын экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерине берилгендиги жөнүндө декларациясы

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК (мындан ары – Өнүктүрүү банкы) Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо жана стимулдаштыруу боюнча максаттарына ылайык иш алып барып, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин колдоп, узак мөөнөттүү өнүгүүнүн жана коом, өнөктөштөр жана инвесторлор тарабынан ишенимдин негизин түзгөн корпоративдик маданияттын, башкаруу системасынын жана бизнес-практикасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик (ESG) принциптерине өзүнүн берилгендигин билдирет.

Өнүктүрүү банкы, ар бир адам – кайсы өлкөдө, шаарда жана чакан айылда болбосун – туруктуу экономикалык өсүшкө жана коомдун бакубатчылыгын жогорулатууга өбөлгө болгон айлана-чөйрөнү коргоого өзүнүн салымын кошо алат деп ишенет. Экологиялык туруктуулук, социалдык жоопкерчилик жана ак ниет корпоративдик башкаруу Өнүктүрүү банкынын бизнес-стратегиясынын, инвестициялык ишмердүүлүгүнүн жана бизнес-практикасынын негизин түптөгөн өнүгүүнүн негизги факторлору болуп саналат.

Өнүктүрүү банкы экологиялык жактан таза жана социалдык жактан жоопкерчиликтүү долбоорлорду жүзөгө ашырууга активдүү катышат, ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорун каржылоодо жоопкерчиликтүү банктык ишмердүүлүктүн стандарттарын жана принциптерин карманат.

Өнүктүрүү банкы ESG принциптерине өзүнүн берилгендиги жана туруктуу өнүгүүнү каржылоо программалары кардарларына жана өнөктөш-банктарга жоопкерчиликтүү инвестициялык чечимдерди кабыл алууга жана өндүрүштүк чынжырча боюнча айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын жайылтууга жардам берет деп ишенет.

Өнүктүрүү банкы мындан ары да “жашыл кеңсе” стандарттарын, аң-сезимдүү өндүрүш жана керектөө маданиятын жоопкерчилик менен ишке ашырууну улантат, ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, энергияны үнөмдөө жана процесстерди санариптештирүү аркылуу айлана-чөйрөгө тийгизген өзүнүн таасирин азайтууга умтулат, ошондой эле бул жааттагы өз тажрыйбаларын өркүндөтүү үчүн тынымсыз иштеп турат.

Өнүктүрүү банкы социалдык туруктуулукту – адам укуктарын, теңдик, ар түрдүүлүк жана басмырлоого жол бербөө принциптерин сактоону – узак мөөнөттүү ийгиликтин негизги фактору катары эсептейт жана кызматкерлер үчүн коопсуз, адилеттүү жана инклюзивдүү эмгек шарттарын камсыздоого, ошондой эле окутуу, насаатчылык жана кесиптик өсүштү колдоо аркылуу кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө умтулат.

Өнүктүрүү банкы чынчылдыктын, паракорчулукка жол бербөөнүн жана жоопкерчиликтин маданиятын ырааттуу түрдө калыптандырат, коррупцияга каршы күрөштү туруктуу өнүгүүнүн жана өз ишмердүүлүгүнө болгон ишенимдин ажырагыс элементи катары карайт. Банк “нөлдүк сабырдуулук” принцибин карманат – Банктын кызматкерлери жана кызмат адамдары, ошондой эле Банктын атынан жана (же) анын кызыкчылыгында иш алып барган башка адамдары үчүн, түз же кыйыр түрдө, жеке өзү же кандайдыр бир ортомчулук аркылуу, кайсы бир өлкөдө кабыл алынган ишкердик тажрыйбаларына карабастан, коррупциялык аракеттерге катышууга толук тыюу салат.

Өнүктүрүү банкы кардарлар жана бардык кызыкдар тараптар менен жоопкерчиликтүү иш алып барат, азыркы жана келечек муундар үчүн жалпы гүлдөп-өнүгүүнү түзүшкөн туруктуу, социалдык багытталган жана экологиялык таза бизнес-практикаларды жана башкаруу чечимдерди колдонууга дем берет жана колдойт.

Өнүктүрүү банкы өнөктөш-банктарды, ири бизнести, башка компанияларды жана уюмдарды ESG принциптерин жана стандарттарын сактоодо жалпы умтулууга биригүүгө, келечектүү жана узак мөөнөттүү каржылык кызматташтыктын негизи катары жашыл жана туруктуу долбоорлордун, өнүмдөрдүн жана кызматтардын түрлөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле бардыгы үчүн таза, адилеттүү, натыйжалуу, туруктуу жана бакубат дүйнөнү биргелешип түзүүгө чакырат.