Акыркы жаңылыктар

03.10.2025

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ата мекендик автомобиль өнөр жайын каржылап жатат

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик енуктуруу банкы уникалдуу долбоорду — елкедегу биринчи автомобиль заводун ишке киргизууну сыймыктануу менен колдоду.Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын колдоосу менен бул жерде дүйнөлүк Chevrolet жана […]
02.10.2025

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жол курулушуна колдоо көрсөтөт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Там айылында «Дорсервис» ААКга таандык жаңы асфальт-бетон заводу ачылды. Аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы каржылаган. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын колдоосу менен компания […]
01.10.2025

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МИКРО, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР (МЧОИ) ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ Экологиялык маселелер боюнча консультант

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МИКРО, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР (МЧОИ) ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ Тапшырманын аталышы: “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК жана “Кепилдик фонд” ААК […]
01.10.2025

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МИКРО, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР (МЧОИ) ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ Социалдык маселелер боюнча консультантты тандоо

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МИКРО, ЧАКАН ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР (МЧОИ) ҮЧҮН ТУРУКТУУ ФИНАНСЫ РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ” ДОЛБООРУ Тапшырманын аталышы: “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК жана “Кепилдик фонд” ААК […]
23.09.2025

Мамлекеттик тил күнү кут болсун!

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт! Тил – баарлашуу каражаты гана эмес, маданиятыбыздын жана өзгөчөлүгүбүздүн маанилүү элементи, жалпы кыргызстандыктардын […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

08.05.2024

Биз жөнүндө басма сөз. Акчабар: Мамлекеттик өнүктүрүү банкы КР жеңил өнөр жай тармагын насыялай баштады

Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн заманбап шарттарында жаңы финансылык инструменттерди киргизүү тармактык өсүшкө дем берүүдө жана өлкөнүн финансылык инфраструктурасын жакшыртууда негизги ролду ойнойт. Бул контекстте Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы […]

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.