Акыркы жаңылыктар

17.09.2024

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймактарында болушту

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймактарында болушту. Башкармалыктын төрагасынын орун басары Токтобек Токоев жана долбоордук каржылоо бөлүмүнүн улук талдоочусу Дастан […]
16.09.2024

Иманходжаев И.А. Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары кызматынан кетти

12-сентябр, 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКтын Директорлор кеңеши Иманходжаев Ильяр Акбарович Башкармалыктын Төрагасынын орун басары кызматынан өз каалоосу менен бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган.
12.09.2024

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү иш сапары менен Баткен облусуна барышты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү иш сапары менен Баткен облусуна барышты.⠀Башкармалыктын төрагасынын орун басары Токтобек Токоев жана долбоордук каржылоо бөлүмүнүн улук талдоочусу Дастан Акылбеков Баткен […]
12.09.2024

Башкарманын төрагасынын жаңы орун басарын дайындоо жөнүндө

05.09.2024 директорлор кеңешинин чечими менен Токоев Токтобек Амалбекович “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы”ААКнын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
05.09.2024

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Элдик банкка 200 млн сом бөлгөн

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ААК менен “Элдик Банк” ААК кызматташуу келишимине кол коюшту. Макулдашуунун алкагында КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Элдик банкка 200 млн сом бөлөт. […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.