Акыркы жаңылыктар

02.09.2024

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын кайрадан көбөйттү

2024-жылдын 30-августунда «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК өзүнүн уставдык капиталын 1 000 000 нускадагы жалпы суммасы 1 000 000 000 сомдук жүгүртүүдөгү жөнөкөй акцияларды кошумча […]
31.08.2024

Кыргызстандын, эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!

Бул күнү биз, көз карандысыздык жылдары жетишкен жетишкендиктерди сыймыктануу менен эскерип, келечекке болгон үмүтүбүз жогору. Бул майрам, биримдиктин, тынчтыктын жана ынтымактын символу болуп, жаңы жетишкендиктерге алып […]
29.08.2024

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Айыл Банкка” 100 миллион сом бөлгөн

2024-жылдын 22-августунда “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК менен “Айыл Банк” ААКтын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Айыл Банкка” “Өнөктөш […]
26.08.2024

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Демир Банкка” 500 миллион сом бөлгөн

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен ДемирБанк Кыргызстандын экономикасын стимулдаштырууга багытталган кызматташуу келишимине кол коюшту. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Өнөктөш банктар аркылуу максаттуу каржылоо” программасынын […]
01.08.2024

Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу

30-июлдун 2024-жылында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. Максаттары:-Меморандум биргелешкен долбоорлорду түзүүгө жана […]

Бардык жаңылыктар

ММК Биз жөнүндө

Суроолор жана жооптор

1Каржылоону алуу үчүн кандай документтер керек?
Банкта каржылоону алууга арыз берүү үчүн документтердин тизмеги бар, ал тизмек менен кийинки шилтеме аркылуу таанышууга болот.
2Бизнес-планга карата кандайдыр бир талаптар барбы?
Банктын бизнес-планды түзүүгө карата белгилүү бир талаптары бар, алар менен шилтемесинен таанышса болот. Ошондой эле Бизнес-планды түзүү боюнча усулдук көрсөтмөнү колдонуу сунушталат.
3Банктан кредитти канчалык тез алууга болот?
Арызды кароонун мөөнөтү каржылоонун мүнөзүнө, көлөмүнө, секторуна жараша болот. Ошондой эле зарыл документтердин өз убагында сунушталгандыгына жана толук берилгендигинен көз каранды.
4Эгерде менин башка компанияда кредитим болсо, мен силерден кошумча кредит ала аламбы?
Ооба, Банктан параллель кредит алса болот. Мындай кредитти алуу үч фактордон көз каранды: башка ФКМден алынган кредитти төлөө мөөнөтүнөн; башка ФКМден алынган кредиттин суммасынан; сиздин бизнеске берилген баадан – сиздин бизнестин жүрүшү эки кредитти бир төлөп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
5Эгерде ири суммадагы акча каражаты пайда болсо кредитти алдын ала төлөсө болобу?
Банкта мөөнөтүнөн мурда жабуу шарты каралган. Мөөнөтүнөн эрте төлөнгөн учурда үстөк айып алынбайт.
6Кредитти төлөө мезгил аралыгы кандай болушу керек?
Банктын шарттарына ылайык, бизнес долбоордун мүнөзүнө жараша жекече төлөө графигин сунуштоо каралган.
7Банктан мен кредит катары минималдуу/максималдуу дегенде канча суммада кредит ала алам?
Түздөн-түз каржылоонун алкагында минималдуу сумма 20 млн сомду түзсө, бир Карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулардын тобуна берилүүчү кредиттин максималдуу өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын 20%ынан ашпоого тийиш.
8Эгер биз ири өлчөмдөгү күрөө сунуштай турган болсок, анча чоӊ эмес бизнеске ири өлчөмдөгү кредит ала алабызбы?
Банктын шарттарына ылайык, суралган сумманын финансылык көрсөткүчтөрүнө ылайык каржылоону сунуштоо каралган.
9Сиздердин Банктан керектөө максаттарына кредит алса болобу?
Банктын милдети өлкөнүн экономикасын диверсификациялоо жана өсүшкө түрткү берүү максатында чарбага ээлик кылуучу субъекттерди каржылоо, жумуш орундарын түзүү жана аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүн текшилөө болуп саналат. Керектөө кредиттери Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарына туура келбейт.