Камсыздандыруу компаниялары

Банк менен өнөктөштүккө чыгуу жана тандоого катышуу үчүн, камсыздандыруу компаниялары төмөнкү документтерди (бир нускада) берүүгө тийиш:
1
Мамлекеттик каттоо тууралуу Күбөлүктүн көчүрмөсү;
2
Уставдын (акыркы редакциясында, өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен, Банкка берилген күнгө карата) жана башка негиздөөчү документтердин көчүрмөлөрү;
3
Компаниянын атынан аракеттенүүгө, анын ичинде компаниянын атынан келишимдерди күбөлүксүз түзүү укугуна ээ болгон кызмат адамдарын (аткаруучу орган, бухгалтер) дайындоо тууралуу протокол/чечим же башка документтин көчүрмөсү;
4
Компанияда иштеген адистер жөнүндө маалыматтар, төмөнкү маалыматтарды камтыган:
• Адистин фамилиясы, аты, атасынын аты
• Иш стажы (жылдар менен)
• Билими жөнүндө маалыматтар
• Кошумча билим, сертификаттар.
5
Кайра камсыздандыруу компаниялары менен келишимдер;
6
Акыркы 3 жылдын каржылык отчеттору, көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган.
7
Камсыздандыруу компаниясы тарабынан укуктук маселелер боюнча аткарылбаган милдеттенмелери жок экендиги жөнүндө кат, компания жана анын башкаруучу органдарына карата банкроттук процедуралар башталбаган, компания жана анын кызматкерлерине карата негизги ишмердүүлүк менен байланышкан соттук доолор жок, мүлккө арест салынбаган, аткаруу процедурасы башталбаган (уймдун жетекчисинин колу жана мөөрү менен);
8
Ошондой эле, тандоого катышуу үчүн камсыздандыруу компаниясынын ыктыярына жараша сунушталган каттар жана башка документтер берилиши мүмкүн.

Баалоо компаниялары

Банктын өнөктөшү болуп, тандоого катышуу үчүн көз карандысыз баагерлер төмөнкү документтерди (бир нускада) берүүгө тийиш:
1
Мамлекеттик каттоо жөнүндөгү Күбөлүктүн көчүрмөсү;
2
Негиздөөчү документтердин көчүрмөлөрү (өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен акыркы редакциядагы устав, Банкка берилген күнгө карата);
3
Уюмдун атынан аракеттенүүгө жана анын ичинде уюмдун атынан келишимдерди күбөлүксүз түзүү укугуна ээ болгон кызмат адамдарын (аткаруучу орган, бухгалтер) дайындоо тууралуу протокол/чечим же башка документтин көчүрмөсү;
4
Компанияда иштеген адистер жөнүндө маалыматтар, төмөнкү маалыматтарды камтыган:
• Адистин фамилиясы, аты, атасынын аты
• Иш стажы (жылдар менен)
• Билими жөнүндө маалыматтар
• Кошумча билим, сертификаттар
• Белгиленген үлгүдөгү квалификациялык сертификат (компаниянын кеминде эки кызматкеринде болушу керек)
5
Мыйзамдар менен белгиленген формадагы, жетекчинин же ыйгарым укуктуу жактын колу менен тастыкталган бухгалтериялык отчеттордун толук көчүрмөлөрү, кеминде бир акыркы отчеттук күнгө чейин.
6
Ошондой эле, көз карандысыз баагердин чет өлкөдө баалоо жүргүзүү тажрыйбасы бар экендигин, чет өлкөлүк заказчылардын буйрутмалары боюнча иштерди аткаргандыгын тастыктаган документтер, сунуш каттар жана көз карандысыз баагердин ыктыяры боюнча берилүүчү башка документтер тандоого катышуу үчүн берилүүгө болот.

Юридикалык компаниялар

Банк менен өнөктөштүккө чыгуу жана тандоого катышуу үчүн юридикалык компаниялар төмөнкү документтерди (бир нускада) берүүгө тийиш:
1
Мамлекеттик каттоо жөнүндөгү Күбөлүктүн көчүрмөсү;
2
Негиздөөчү документтердин көчүрмөлөрү (өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен акыркы редакциядагы устав, Банкка берилген күнгө карата);
3
Уюмдун атынан аракеттенүүгө жана анын ичинде уюмдун атынан келишимдерди күбөлүксүз түзүү укугуна ээ болгон кызмат адамдарын (аткаруучу орган, бухгалтер) дайындоо тууралуу протокол/чечим же башка документтин көчүрмөсү;
4
Компанияда иштеген адистер жөнүндө маалыматтар, төмөнкү маалыматтарды камтыган:
• Адистин фамилиясы, аты, атасынын аты
• Иш стажы (жылдар менен)
• Билими жөнүндө маалыматтар
• Кошумча билим, сертификаттар
5
Мыйзамдар менен белгиленген формадагы, жетекчинин же ыйгарым укуктуу жактын колу менен тастыкталган бухгалтериялык отчеттордун толук көчүрмөлөрү, кеминде бир акыркы отчеттук күнгө чейин.
6
Юридикалык компаниядан укуктук маселелер боюнча аткарылбаган милдеттенмелери жок экендиги, компания жана анын башкаруучу органдарына карата банкроттук процедуралар башталбаган, компания жана анын кызматкерлерине карата негизги ишмердүүлүк менен байланышкан соттук доолор жок, мүлккө арест салынбаган, аткаруу процедурасы башталбаган жөнүндө кат (уймдун жетекчисинин колу жана мөөрү менен);
7
Юридикалык компаниядан ФКУ жана МДСнин ири компания-мүчөлөрү, Банктар Союзу, Америка Соода Палатасынын (AmCham) жана КР Соода-Өнөр жай Палатасынын мүчөлөрү менен иштөө тажрыйбасы жөнүндө кат.
(уймдун жетекчисинин колу жана мөөрү менен).
8
Ошондой эле, тандоого катышуу үчүн юридикалык компаниянын ыктыярына жараша сунушталган каттар жана башка документтер берилиши мүмкүн.

Арыз бергенден кийин, арыз каралат жана толук документтердин топтому электрондук почта аркылуу берилген шартта гана каралат: o.supohunova@sdb.kg, info@sdb.kg