2023-жылдын 15-ноябрында ЭВФтин Макулдашуунун беренелеринин IV беренеси боюнча консультациялардын алкагында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК жетекчилиги менен Эл аралык валюта фондунун Кыргыз Республикасында жайгашкан миссиясынын ортосунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө миссияга банктын ишмердүүлүгү, стратегиялык максаттары жана милдеттери, ошондой эле банктын өнүгүүсүнүн орто жана узак мөөнөттүү көз карашы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, Эл аралык Валюта Фондунун Миссиясына Банктын башкаруу түзүмү жана Банктын ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу маселелерин жөнгө салуучу эрежелер жөнүндө маалымат берилди.
Тараптар Банктын кредиттик продуктуларынын жалпы параметрлерин, аларды каржылоо булактарынын түзүмүн, өлкөнүн коммерциялык банктары менен өз ара аракеттенүү маселелерин жана Банктын эл аралык финансы институттары, жеке сектордун фонддору жана башка өлкөлөрдүн өнүктүрүү банктары менен өз ара аракеттенүүсүнүн келечегин талкуулашты.