2023-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо боюнча өнөктөштүктү кеңейтүү максатында сүйлөшүүлөр жана «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК менен «Бай-Түшүм Банкы» ААКтын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюунун расмий аземи болуп өттү. .
Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар банктардын милдеттерин жана потенциалын талкуулашты жана Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү жана экономикасын диверсификациялоо шартында кредиттик продуктыларды ишке ашыруу боюнча өз ара пайдалуу сунуштарды иштеп чыгуу ниетин билдиришти.
Тараптар ошондой эле эки институттун потенциалын, орто жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү пландарын талкуулап, долбоорлорду биргелешип каржылоо маселелери боюнча кызматташуунун кеңири перспективаларын белгилешти.