13-май 2024-жылы Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы Башкармалыктын Төрагасы Темирбеков Медер Абдыкайыровичтин атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин алдына “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААКнын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчет берди.
Отчеттун жүрүшүндө актуалдуу кредиттик программалар, каржылоонун артыкчылыктуу секторлору жөнүндө маалымат берилди. М.а. Темирбеков белгилегендей, Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы өнөр жай, тоо-кен, жашыл каржылоо, транспорт жана логистика тармактарындагы ири долбоорлорго басым жасоодо. Банктын активдери 2023-жылы 27 213 млн сомду, ал эми отчеттук мезгил ичиндеги таза киреше 559 млн сомду түзгөн.
