Өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү максатында 16-Май 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААК менен Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ортосунда кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Кол коюлган Меморандум жана Тараптардын өз ара аракеттенүүсү натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өнөктөштүк мамилелерди орнотууга багытталат. Негизги багыт биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну, ошондой эле инфраструктура, туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө жана өз ара кызыкчылыкты туудурган башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү камтыйт.