21-Май 2024-жылы Бишкек шаарында “Кыргыз фондулук биржасы аркылуу максаттуу каржылоо” программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы менен “Азия Банкы”ЖАКтын ортосунда сүйлөшүүлөр жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюу расмий аземи болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каржылоонун артыкчылыктуу секторлорун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын аймактык өнүктүрүү багыттарын каржылоо контекстиндеги банктардын милдеттерин жана потенциалын талкуулашты.
Бул келишимге ылайык “Азия Банкы” ЖАК жалпы суммасы 100 000 000 (жүз миллион) сом болгон максаттуу социалдык облигацияларды чыгарат, анын 80% ын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алат. Бул акча каражаттары рыноктон төмөн пайыздык чендер боюнча берилет жана Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин өнүктүрүү долбоорлорун каржылоого багытталат.
Бул фондулук рынокту жана жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган милдеттердин алкагында Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жаңы продуктусу, ошондой эле “Азия Банкы” ЖАК бул келишимге кол койгон биринчи банк болуп калды.