23-май 2024-жылы Кыргызстан банктар союзу тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү Бишкек эл аралык финансылык форуму болуп өттү. Бул форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров чакырылып, куттуктоо сөз сүйлөдү. Ошондой эле форумга финансы институттарынын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү катышты.
BIFF-2024 форумунун алкагында панелдик сессиялар өттү, алардын негизги темалары финансылык, төлөм жана мамлекеттик технологияларды, накталай эмес төлөмдөрдү, санариптик активдерди, жасалма интеллектти өнүктүрүү, жашыл долбоорлорду каржылоо, тренддер жана инновациялар, ошондой эле ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү маселелери болду.