27-Май 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААКнын акционери “Бейкер Тилли Бишкек” ЖЧКнын аудитордук компаниясын 2024-жыл үчүн өзүнчө финансылык отчеттун жана “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААКнын консолидацияланган финансылык отчетунун тышкы аудитору катары бекитүү жөнүндө чечим кабыл алды.