29-Май, 2024-жылы “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААКнын жетекчилиги менен Чех экспорттук банкынын (ЧЭБ) эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Чехиянын КРдагы ардактуу консулу Марат Жаанбаев да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Банктардын ишмердүүлүгү, стратегиялык максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берилди. Тараптар банк ишинин ар кандай маселелери боюнча тажрыйба жана билим алмашууну, кредиттик продуктулардын жалпы параметрлерин, долбоорлорду каржылоо булактарынын түзүмдөрүн караган эки өлкөнүн банктарынын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы” ААК башкармалыгынын төрагасы Темирбеков М.А. Чех экспорттук банкы менен Кыргыз Республикасынын финансы секторун өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы кызматташууга үмүтүн билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча чех тарап “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү Банкы”ААК менен мындан аркы активдүү иштөөгө даярдыгын билдирди.