2024-жылдын 22-августунда “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААК менен “Айыл Банк” ААКтын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы “Айыл Банкка” “Өнөктөш банктар аркылуу лизинг” программасынын алкагында 100 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүүдө.
📈Насыялык каражаттар кичи жана орто бизнести колдоого жана өнүктүрүүгө, ошондой эле лизингдик операциялар аркылуу инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого жумшалат.