Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ААК менен “Элдик Банк” ААК кызматташуу келишимине кол коюшту.
Макулдашуунун алкагында КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Элдик банкка 200 млн сом бөлөт.
Анын 100 миллион сому лизингди каржылоого, калган 100 миллиону “жашыл” долбоорлорду колдоого жумшалат.
Берилген каражаттар экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, акыркы бенефициарлардын бакубаттуулугуна, жумуш орундарынын көбөйүшүнө, ата мекендик өндүрүштүн кеңейишине, өлкөнүн бюджетине кошумча кирешелердин түшүшүнө жана экологиялык абалдын жакшырышына оң таасирин тийгизет.