Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү иш сапары менен өлкөнүн түштүк аймактарында болушту.
Башкармалыктын төрагасынын орун басары Токтобек Токоев жана долбоордук каржылоо бөлүмүнүн улук талдоочусу Дастан Акылбеков Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү жана Ишкердикти өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуулардын алкагында КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлорду колдоонун шарттары тууралуу маалымат берди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын артыкчылыктуу милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
✅Экономиканын экспортко багытталган өндүрүш секторун калыптандыруу;
✅ Экономикадагы структуралык өзгөрүүлөрдү стимулдаштыруу;
✅Өндүрүш инфраструктурасын реабилитациялоо жана өнүктүрүү;
✅Аймактарда ишкердик жана инвестициялык активдүүлүктүн өсүшүнө көмөк көрсөтүү;
✅Аймактык экономикалык өнүгүүнү тегиздөө;
✅Орто жана узак мөөнөттүү негизде чарба жүргүзүүчү субъекттердин насыялык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
✅ Ата мекендик ишканаларды өнүктүрүүгө инвестиция тартууну стимулдаштыруу.