2024-жылы 100 ишкана ачуу боюнча өкмөттүк программаны тездетүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ата мекендик кант, уксус жана консерва өндүрүүчүсү «Бай Элим» агрохолдингин каржылады.
Долбоордун жалпы суммасы 410 миллион сомду түзөт. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жалпы сумманын 32%ын кампа жана өндүрүштүк жайларды курууга жана жабдууларды модернизациялоого бөлдү.