2024-жылдын сентябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы М.А. Темирбеков жана Директорлор кеңешинин төрагасы М.Т. Мамбетжанов Самарканд шаарында өткөн Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын башкаруучуларынын жылда өтүүчү жыйынына катышты.
Жыйындын алкагында Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы, Өзбекстан Республикасынын Улуттук банкы, Өзбекстан Республикасынын Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фонду, ОПЕК фонду, Өнүктүрүүнү каржылоону көп тараптуу кызматташтык борбору (MCDF), Азия өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы, “UK Export Finance” агенттиги сыяктуу эл аралык каржы институттарынын жана банктарынын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушууларда кызматташтык маселелери, инвестиция тартуу, долбоорлорду биргелешип каржылоо, жашыл каржылоону колдоо жана өнүктүрүү талкууланды.