2024-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Иш-чаранын алкагында Мамлекеттик банктын кызматтарынын бет ачары болуп, анда ата мекендик ишканаларды колдоого багытталган бир катар финансылык чечимдер сунушталды.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы бизнестин өсүшүнө жана өнүгүшүнө, жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө салым кошууга багытталган.