2024-жылдын 14-октябрында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын өкүлдөрү Дүйнөлүк банктын командасы менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар мамлекеттик банктын насыя продукттарынын жалпы параметрлерин, алардын каржылоо булактарынын түзүмүн, коммерциялык банктар жана өлкөнүн агрардык сектору менен өз ара кызматташуусун талкуулашты.
Ошондой эле, жеке сектордун эт жана сүт азыктарын өндүрүүчү жана сатуучу байланыштарын, логистикага жана транспортко инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Насыя берүү боюнча учурдагы схемалар жана рыноктогу чектөөлөр да талкууланды.