2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан демилгеленген эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин тыгыз кызматташтыгына ылайыкталган “Жашыл экономика – 2024”: “Борбордук Азияны өнүктүрүүгө жашыл жол-2024” аймактык форумуна катышты.
”Борбор Азияда туруктуу өсүү үчүн жашыл каржылоону колдонуу: өкмөттөрдүн, өнүктүрүү институттарынын жана финансылык сектордун ролу” деген сессияда Мамлекеттик өнүктүрүү банкына караштуу башкармалыктын орун басары Т.А. Токоев жашыл каржылоо боюнча презентация менен тааныштырды. Т.А. Токоев жашыл каржылоону интеграциялоонун стратегиялык ыкмасын, анын ичинде ири долбоорлорду каржылоону, Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү банкындагы практикалык тажрыйба менен бөлүштү жана жашыл каржылоо инструменттерин илгерилетүүнүн жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.