Туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө өзүнүн позициясын бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу системасын ишке ашырууда.
Бул максатта банк кызматкерлери атайын окутуудан өтүштү, анда алар бул жаатта билимдерин тереңдетип гана тим болбостон, практикалык көндүмдөргө да ээ боло алышты.
Тобокелдиктерди башкаруу системасын киргизүү банкка айлана-чөйрөгө жана коомго мүмкүн болуучу терс таасирлерди азайтууга, ошондой эле корпоративдик жоопкерчиликтин жогорку стандарттарын сактоого мүмкүндүк берет.
Бул туруктуу экономикалык өсүүнү камсыз кылуу, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин жогорулатуу, экологиялык жана социалдык жоопкерчилик боюнча заманбап талаптарга жооп берүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.