2024-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги БУУ менен биргеликте өткөргөн Дүйнөлүк азык-түлүк программасы “Азык-түлүк системаларынын диалогу” форумуна катышты.
Форумдун максаты – азык-түлүк системалары боюнча инклюзивдик, секторлор аралык жана улуттук кызыкдар тараптардын диалогуна көмөк көрсөтүү.
Форумда маанилүү маселелер талкууланып, азык-түлүк системасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен чечимдер иштелип чыкты.